Матраимовдун мамлекетке өткөн үч миллиарддык мүлкү
УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 3 млрд 98 млн 134 миң сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирди. Алардын катарында Бишкектеги “Бай-Таш” турак жай комплексинин бир бөлүгү, Чүй жана Ош облусунда жайгашкан бажылык каттоо жерлери бар. Издөө жарыяланган Матраимовдун жакындары акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 11, 2025Шайлоо: Айыл өкмөттүн катардагы кызматкеринин жеңиши
-
Декабрь 11, 2025Зордуктоого байланыштуу иш: эне акыйкаттык издөөдө
-
Декабрь 10, 2025Украина согуш шартында шайлоо өткөрөбү?
-
Декабрь 09, 2025№26 округда 460 миң сомду ким тараткан?
-
Декабрь 09, 2025Зеленский Донбассты берүү талабын четке какты
-
Декабрь 08, 2025БШК Жолдошованы депутат катары каттаган жок