Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:39

Парламенттик шайлоо: 274 арыз түшүп, 76 факты боюнча айып салынды


Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары боюнча соңку маалыматын жарыялады.

Мекеме шайлоону өткөрүүдө БШК өзүнүн милдеттерин мыйзамдын талаптарына ылайык толугу менен кынтыксыз аткарганын, бардыгы календардык пландын негизинде ырааттуу жүргөнүн билдирди.

Өлкө аймагында 2492 шайлоо участогу түзүлдү. Анын ичинде 27 тилкеде аралыктан добуш берүү уюштурулду. Чет өлкөлөрдө 100 добушкана ачылды.

Шайлоого 589 жаран талапкер болуп көрсөтүлүп, 63 жаран арызын кайтарып алса, 56 жаранга каттоодон өтүүгө баш тартуу чечими кабыл алынып, 10 талапкердин каттоосу жокко чыгарылган. Ошону менен шайлоого жалпы 460 талапкер катышкан. Алардын 271и – эркек, 189у – аял талапкер, майыптыгы бар – 16 талапкер болду.

Өнөктүктү байкоого 58 өлкөдөн 788 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө 137 жалпыга маалымдоо каражаты катталган.

Шайлоочулардын тизмесине 4 294 243 жаран киргизилип, 1 584 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90 % түздү.

12-декабрга карата БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна 274 бузуулар тууралуу маалымат келип түшкөн.

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъектилерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топко 116 материал келип түшкөн. Анын ичинен 62 факты боюнча административдик айып салынган.

Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топко 39 материал келип түшкөн, анын ичинен 12 факты боюнча административдик айып салынган.

БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобуна төрт билдирүү келип түшсө, анын ичинен эки факты боюнча административдик айып салынган.

12-декабрда БШК шайлоонун жыйынтыктары боюнча акыркы токтомду кабыл алып, 87 талапкерди парламенттин депутаты кылып каттады. Алар 17-декабрда мандат алат. Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган жана эми кайра шайлоо өтүшү керек.

Шайлоонун жыйынтыктары боюнча айрым округдарга байланыштуу талаш-тартыш уланууда. Айрым добушканалардагы ыктымал добуш сатып алуу учуру тартылган видеолордун негизинде аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелердеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган. Борбордук шайлоо комиссиясы 8-декабрда талаш жараткан №8 шайлоо округу боюнча чечим кабыл алып, жеңүүчү катары Жанарбек Акаевди, Улан Примовду жана Нуржамал Төрөбекованы тапкан.

Башта бул округдан гендердик квота боюнча алдыга чыккан Жылдызкан Жолдошованын добушу мандат алууга жетпей калды. Ал Боршайкомдун чечимине каршы Бишкек шаарынын Административдик сотуна кайрылып, арызы четке кагылды. Ал өзүнөн кийинки келе жаткан Нуржамал Төрөбекова БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун тууганы экенин айтып чыккан. Шайназаров бул дооматты четке кагып, бардык чечимдер мыйзам чегинде болорун билдирген.

№9, №26 округдар боюнча да талаш-тартыш уланууда. №9 округда гендердик квота боюнча шайлоодо алдыга чыкканы кабарланган Ыргал Кадыралиеванын ордуна Жылдыз Эгембердиева депутат катары катталган.

№26 округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Элдар Абакиров шайлоодон кийин кайрылуу жасап, Кемин районундагы бул окуяда 5-6 адам 460 миң сом менен кармалганын айтып, бул маселе каралбай калганына даттанып, акчанын чоо-жайы боюнча териштирүүнү талап кылган. Ал бул иш боюнча күнөөлүүлөр аныкталбаса, №26 шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаган.

ИИМ акча тараткан адам талапкер Медербек Саккараевдин өкүлү экенин ырастаган. Бирок 8-декабрда БШК акча таратууга талапкердин тиешеси жоктугун айтып, Саккараевди шайлоодон четтеткен эмес.

Боршайком ошол эле күнү №26 округ боюнча да чечим кабыл алып, жеңүүчү катары Медербек Саккараевди, Эркинбек Исеналиевди жана Жамила Исаеваны тааныган. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG