Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:02

Коопсуздук үчүн кепилдик берилсе Украина НАТОдон баш тартабы?


Украина президенти Владимир Зеленский НАТОнун саммитинде. Вашингтон, 11-июль 2024-жыл
Украина президенти Владимир Зеленский НАТОнун саммитинде. Вашингтон, 11-июль 2024-жыл

Украина НАТОго кошулуу мүдөөсүнөн баш тартышы мүмкүн. Мындай сунушту Берлиндеги сүйлөшүүлөр алдында президент Владимир Зеленский киргизгенин айрым медиа жазды. Ак үйдүн чабарманы Стив Уиткофф жекшемби күнкү жолугушууда "олуттуу прогресс" байкалганын билдирди.

Согушту токтотуу аракеттери уланып жаткан чакта Орусия кошуна өлкөсүнүн энергетикалык инфраструктурасына соккусун күчөттү. Жекшембиде Украинадагы жүз миңдеген турак жай электр жарыгысыз калган. Анын алдыңкы күнү Одесса, Николаев, Херсон, Чернигов, Донецк, Сумы жана Днепропетровск облустары катуу аткылоого туш болгон. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда Одесса бир нече түн катары менен чабуулга туш болду.

Орусия кошуна өлкөсүнө каршы мындан дээрлик 4 жыл мурун баштаган согушту токтотуу аракеттери дем алышта Берлин шаарында уланды.

Ак үйдүн чабарманы Стив Уиткофф Зеленский менен жолугушууда “бир топ алга жылуу болгонун” Х социалдык тармагына жазды:

“Тараптардын өкүлдөрү 20 пункттан турган тынчтык планын экономикалык жана башка маселелерди терең талкуулашты. Чоң прогресске жетишилди. Делегациялар эртең менен да жолугат”.

Тынчтык сүйлөшүүлөрүнө АКШ президенти Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер да катышып келатат.

Маалыматка караганда, Германиянын канцлери Фридрих Мерц жыйындын башталышында кыска кайрылуу жасап, кийин тараптар сүйлөшүүлөрдү жабык эшик артында улантты.

Анын алдында, журналисттер менен маектешкен Зеленский АКШ жана Европадан коопсуздук кепилдиктери берилсе, өлкө НАТОго кошулуу мүдөөсүнөн баш тартышы мүмкүн экенин билдирди:

“Эң башынан эле Украина альянска кирүүгө умтулуп келген. Бул реалдуу коопсуздук кепилдиги болчу. АКШ жана Европадагы айрым өнөктөштөр бул багытты колдобойт”.

Ал белгилегендей, Орусиянын болочокто ыктымал басып кирүүсүн алдын алуу үчүн блоктун 5-беренеси өңдүү кепилдиктер зарыл. Жамааттык коргонуунун негизги шарты болгон беренеде НАТОго кирген өлкөнүн суверенитетине жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч жаралган учурда калган мүчөлөр ага жардам берүүгө милдеттүү.

Зеленскийдин сунушу Киевдин саясатынын кескин өзгөрүүсүнөн кабар берет. Эмне дегенде НАТОго мүчө болуп кирүү мүдөөсү өлкөнүн конституциясына да жазылган.

Бул ушундай эле Орусиянын согуштагы максаттарынын бирине дал келет. Айткандай эле Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө Украинанын түндүк-атлантикалык альянска кошулуу идеясынан ыктымал баш тартуусун маанилүү чечим деп сыпаттады:

"Албетте, Украинанын НАТОго мүчө болуу ыктымалдыгы маанилүү жана өзүнчө талкуулоого арзыган маселе. Сүйлөшүүлөр жараянынын мааниси мына ушунда".

Ал эми Киевдин "Рейтер" агенттиги сөзгө тарткан тургундары Батыш өнөктөштөрүнүн Украинага олуттуу коопсуздук кепилдиктерин береринен күмөн санашат.

58 жаштагы Владимир:

"Биз кандай болгон күндө да коопсуздук кепилдиктерине муктажбыз. Мурда да коопсуздук келишимине кол коюшкан. Эми ошол гаранттардын бири бизге кол салды. Экинчиси бизди жарым-жартылай гана колдойт".

Пенсионер Наталья согуштун айынан жер которгондордун бири:

"Толтура кепилдиктер берилген. Анан эмне болду? Бизди өлтүрүп жатышат, улгайганда үй-жайсыз калып, жер которууга аргасызбыз. Балким НАТО кайсы бир жол менен бизге жардам бере алат. Бирок анча ишенбейм".

32 жаштагы Юрий майданда согушуп келген:

"Менимче, НАТОго кошулсак да, кошулбасак да эч нерсе өзгөрбөйт. Биз өлкөбүздү НАТОсуз эле өз күчүбүз менен коргоп жатабыз. НАТОнун өзүнө чабуул койгондо алар эч нерсе кылган жок. Кудайга шүгүр, биз чоң жана кубаттуу өлкөбүз".

Бирок Украина Москванын калган талаптарын, асыресе аймактардан баш тартуу шартын четке кагууда.

Европа Биримдигинин тышкы саясатынын жетекчиси Кая Каллас 15-декабрда Кремл Донбассты алуу менен "токтоп калбайт" деген пикирин ортого салды:

"Донбасс Путиндин акыркы максаты эмес экенин түшүнүү зарыл. Ал Донбассты алса, чеп кулап, бүтүндөй Украинаны басып алууга өтөөрү калетсиз. Украина куласа, анда башка аймактарга да коркунуч жаралат. Биз муну тарыхтан билебиз жана андан сабак алышыбыз керек".

Курамына Луганск жана Донецк облустары кирген Донбасстын макамы согушту токтотуу сүйлөшүүлөрүндө негизги талаштуу пункттардын бири болуп келатат. Ушу тушта украин аскерлери ал аймактын 10% көзөмөлдөп жатат.

14-декабрда орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Украина жана Европадан “тынчтык планынын” өзгөртүлгөн варианты түшө электигин билдирди. Кремлдин өкүлү аймактарга тиешелүү маселе кабыл алынгыс болсо Москва долбоорду чечкиндүү четке кагарын эскертти.

Ушаков кошумчалагандай, жер маселеси 2-декабрда АКШнын өкүлдөрү менен өткөн сүйлөшүүлөрдө "позитивдүү такууланган", америкалык делегация Орусиянын позициясын түшүнөрүн билдирген.

Трамп администрациясы иштеп чыккан тынчтык планынын чоо-жайы шардана кылынган эмес.

Маалымат каражаттары 28 пункттан турган баштапкы документ негизинен Орусиянын позициясын чагылдырганын жазышкан. Анда асыресе Украина аскерлерин Донбасстан чыгарып кетүүгө, армиянын санын азайтууга, НАТОго кирүү планынан баш тартууга тийиш деп айтылган. Сөз болгон долбоорго Украинанын жана Европанын делегациялары менен Женевадагы жана Флоридадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин түзөтүүлөр киргизилген.

Пландын өзгөртүлгөн варианты да жарыяланган эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG