Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:59

Казакстанда миңдеген окуучунун жеке маалыматы "даркнетке" чыгып кеткени кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Казакстанда миллиондогон окуучулар жана алардын ата-энелери, ошондой эле бир нече миң мектеп колдонгон “Күндөлүк” билим берүү платформасынан миң кишинин жеке маалыматтары "даркнетке" - Интернеттеги “көмүскө базарга” чыгып кеткени тууралуу маалымат тарады. Платформанын негиздөөчүлөрү бул факт тастыкталбаганын билдиришти.

“Выход к морю” Telegram-каналы жазгандай, Интернетке тарап кеткен маалыматтарда окуучулардын туулган күнү, кайсы класста окуй турганы жана кайсы мектепте билим алары тууралуу маалыматтар бар. "Даркнетте" сатууга коюлган бул маалыматтар быйыл сентябрь айында гана жаңыртылганы айтылат.

Маалыматты чыгарган авторлордун айтымында, эгер сатып алуучу табылса, маалымат базасы муктаждыкка жараша кеңейиши мүмкүн.

Kursiv сайты билдиргендей, Казакстандын Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлиги бул маалыматты текшерип жатат.

“Выход к морю” каналы маалыматтарды анонимдүү түрдө, ачык булактарга таянып жарыялап келет.

"Жеке маалыматтардын тарап кеткени тууралуу кабар анонимдүү Telegram-канал аркылуу жайылууда. Мындай каналдар жарыялаган нерселери үчүн жоопкерчилик албайт. "Күндөлүк” системасынан маалыматтардын чыгып кеткени тууралуу факт ырасталган жок. Компания ички техникалык текшерүү жүргүзүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча “Күндөлүк” коомчулукка кошумча маалымат берет", - деди "Күндөлүк" системасынын администрациясы.

“Күндөлүк”- Казакстандагы билим берүү тармагында иш кагаздарын жүргүзүү жана документ жүгүртүүнү камсыздаган электрондук система. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, платформанын жарымы орусиялык компанияга таандык.

Долбоордун өзү да орусиялык "Дневник.ру" системасынын негизинде иштейт. Ал эми казакстандык негиздөөчүлөрүнүн арасында мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин кыз-күйөөсү Динара менен Тимур Кулибаевдер бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG